27-январга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 104 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, Киев, Николаев, Харьков, Полтава, Сумы жана башка облустарда 57 дрон атып түшүрүлгөн. Калган учкучсуз аппараттар дайынсыз жоголгон.
Чабуулдун жыйынтыгында бир катар облустарда инфратүзүм объектилери, көп кабаттуу үйлөр жана менчик турак-жайлар жабыркаган. Днепрде тогуз кабат үйдүн чатырында өрт тутанган.
Жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок.
Ушул эле күнү расмий Москва Орусиянын аймагы украин дрондорунун жаңы толкунуна дуушар болгонун маалымады. Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, Воронеж облусунда 15, Белгород облусунда 11, Курск облусунда төрт учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагында бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган соккуларды четке кагып келет. Ал эми расмий Киев Орусиянын аймагына жасалган дрон чабуулдары боюнча комментарий бербейт.
Шерине