Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду 2024-жылдын июль-декабрь айларында инвесторлор менен конкурстук негизде 42 жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишимдерди түздү. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, инвесторлорго берилген 42 тилкенин жалпы аянты 3 миң 964 гектарды түзөт.
Мунун ичинен 31 тилкеге 351,97 мегаватт кубаттуулуктагы кичи гидроэлектр станцияларын курууга берилген. 11 тилкеге күн электр станцияларын куруу каралган жана алардын жалпы кубаттуулугу 1634,5 мегаватт болот деп мерчемделүүдө.
Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, жарым жыл аралыгына Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) багытында иштеген субъектилерден фондго 113 миллион сом түшкөн.
Жашыл энергетика фонду 2022-жылы түзүлгөн. Ал гидроэнергетика, күн, шамал жана башка Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында иш алып барары айтылган.
Кыргызстанда жети ири гидроэлектрстанциясын жана эки ири жылуулук электр борборун кошкондо 3892 мегаватт, же 3 ГВт 892 МВт кубаттуулук бар.
Азыркы бийлик 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидро электр станциясын жана 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы күн менен шамалдан энергия алуучу 15 станцияны куруу планын жарыялаган. (ErN)
Шерине