Бишкек шаарына Түркиядан ISUZU үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын үчүнчү партиясы келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 12 метрлик автобустар табигый газ менен жүрөт. 85 жүргүнчүгө ылайыкталган.
Мекемеден билдиришкендей, декабрь айында 31 ISUZU алып келинген. Бул жолу 12си келди. Калган 25и жакынкы күндөрү келери айтылды.
Жалпысынан 68 автобус алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.
“Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай) менен жабдылган”, - деп белгиленген мэриянын маалыматында.
Былтыр жыл соңунда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгөнчөков борбор калаага 2025-жылы 300 автобус жана электробус алып келинерин билдирген. Автобустар эл аралык каржы уюмдарынын кайтарымсыз акчасына алынат.
Маалыматта 12 метрлик узундуктагы 100 автобус Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынары, 120 электробус Азия өнүктүрүү банкы аркылуу, дагы 60 автобус Германия өнүктүрүү банкынын KFW программасынын колдоосу менен сатып алынарын белгилеген.
2023-24-жылы Бишкекке жаңы 1000 автобус алып келинген. (КЕ)
Шерине