АКШда ишемби күнү кечинде өлкөнүн жаңы коргоо министри Пит Хегсет ант берди. Жума күнү кечинде Сенатта анын талапкерлиги добуш берүүдөгү аз гана айырма менен колдоо тапкан.
44 жаштагы Хегсет армиянын ардагери, ал Ооганстан, Ирак жана Кубадагы Гуантанамо базасында кызмат өтөгөн. “Ардагерлер эркиндик үчүн” уюмун жетектеген.
2014-жылдан тартып Fox телеканалында саясий баяндамачы, күндүзгү Fox News берүүсүнүн алып баруучунун бири болуп иштеген.
Министр кызматына анын талапкерлигин президент Дональд Трамп сунуштаган.
Хегсет ант берип жатканда анын жанында жубайы Женнифер Раучет жана балдары турду (жети баласы бар). Жаңы министр өзүнүн келечектеги ишинин негизги максаттары тууралуу кыска сөз сүйлөп, Америка армиясынын аскердик духун калыбына келтирүүнү, куралдуу күчтөрдү кайра түзүүнү көздөй турганын белгиледи, - деп билдирет “Америка авазы” радиосу.
"Биз согушту каалабайбыз. Биз аларды жоопкерчилик менен токтоткубуз келет", - деген Хегсет.
Пентагондун сайтына жарыяланган билдирүүсүндө Хегсет АКШнын аскер кызматкерлерине кайрылды:
“Биз кооптуу учурда баарыбиз бирге кызмат өтөйбүз. Биздин каршылаштарыбыз тынч отурбайт жана артка кайтпайт, биз дагы”, - деп жазылган анын билдирүүсүндө.
Жума күнү кечинде Сенатта Хегсеттин талапкерлигине партиялардын добуштары экиге бөлүнүп калган (51-50). Вице-президент Жей Ди Венс бул теңдикти бузуп, чечүүчү добушун Хегсетке берген. Бул АКШнын тарыхында вице-президенттин добушу чечүүчү ролду ойногон экинчи учур болуп калды.
Ушул айдын башында мыйзам чыгаруучулар анын талапкерлигин карап жаткан учурда Хегсет армиянын жоопкерчилигин кайтарарын билдирген.
Америкалык басма сөз Хегсеттин Пентагонду жетектөөгө көрсөтүлгөнү күтүүсүз окуя болгонун белгилешкен.
Трамп анын талапкерлигин ноябрда көрсөтүп, “Пит бекем, акылдуу жана "Баарынан маанилүү Америка" деген принципке ишенет”, - деп айткан.
Хегсет кенже офицер катары кызмат өтөгөн биринчи коргоо министри жана 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан кийин кызмат өтөгөн аскер кызматкерлер муунунун биринчи өкүлү болот.
Пентагон үч миллиондон ашык аскерди көзөмөлдөйт жана 857 миллиард долларлык бюджетти башкарат.
Шерине