Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

"Алтын казык" ноутбуктарынын алгачкы партиясы мугалимдерге тапшырылды


Мугалимдерге ноутбук берүү учуру. 23-январь, 2025
Мугалимдерге ноутбук берүү учуру. 23-январь, 2025

Кыргызстанда мектептерде STEM предметтеринен (математика, физика, химия, биология, информатика) сабак берген мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырыла баштады. Алгачкылардан болуп, Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Каракол шаарынын мугалимдерине 192 ноутбук берилди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышты.

Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнө да белгиленген тартипте өткөрүлүп берилери белгиленген.

Буга чейин министр Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге алгачкы ноутбуктар 15-январдан тартып бериле баштарын белгилеген.

Ноутбукту чогултуу тендерди Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу “Технопарк” утуп алган.

Былтыр 26-ноябрда президент Садыр Жапаров мугалимдерге ноутбук сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берген.

Андан мурдараак, июль айында президент Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоону тапшырган.

Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%, кийинки окуу жылы 100% ноутбук менен камсыздалары айтылган.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG