Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Ишкана аталышына диний сөз колдонууга тыюу салган тизме бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети ишкана-фирмалардын аталышында колдонууга тыюу салынган диний маанидеги сөздөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу токтом кабыл алынганы 23-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Тизмеге жалпысынан 120дай сөз, арасында бир катар диний сөздөр, терминдер кирди. Мисалы, эми "Абу Ханифа", "вакф", "жихад", "ихлас", "ихсан", "махр", "мубарак", "муслим", "сажда" жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү ишкана-фирмалардын аталышында колдонууга болбойт.

Исламдан башка диндерге тиешелүү "ахриман", "библия", "будда", "ирфан", "жахаба", "миллениум", "монах", "увей", "тора" жана башка терминдер жана сөздөр да кирди.

Кабыл алынган тизмедеги сөздөрдү аталышына колдонгондорго кандай чара көрүлөрү же талап коюлары жазылган жок.

Былтыр 24-июлда президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Документте мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктай турганы жазылган.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Марлен Маматалиев бул маселени негизинен каржылык уюмдарга, турак жай кооперативдерине байланыштуу көтөрүп чыккан. Ал “турак жай кооперативдери диний аталыштарды колдонуп, элдин ишенимине кирип жатканын, бул иштерге дин кызматкерлери да тартылганын" айткан.

2024-жылдагы расмий маалыматка ылайык, ушул тушта өлкөдө 6,5 миңдей кооператив бар. Анын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 5,5 миңи айыл чарба коммерциялык кооперативдери, 900ү коммерциялык эмес кооперативдер.

Коммерциялык эмес кооперативдердин ичинен 160тан ашыгы турак жайга багытталган, учурда анын 30га жакыны иштеп жатат.

Үй куруп, акчасын көбөйтүп же башка да кирешени убада кылган ар кандай кооперативдерге жана уюмдарга алданып, акчасын алдырып койгонун айткандар соңку жылдары көбөйдү. Милиция алданып калгандардын чыгашасы миллиондоп саналарын билдирген. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG