Орусиянын Украина менен чек арасындагы Курск облусунун Глушково районунда ондогон жашоочу облус губернатору Александр Хинштейн менен жолугушууну талап кылып, аянтка митингге чыкты. Губернатор алар менен жолугушууга чыккан жок. Хинштейндин өкүлдөрү ал ооруп жатканын айтышты. Бул тууралуу "Друг для друга" басылмасы жазды.
Чогулгандар облус жетекчисине кайрылуу жолдоп, дээрлик жарым жылдан бери "эч кимге кереги жок, көчөдө калышканын" белгилешкен. Алар жашаган жери жок, убактылуу баш калкалоочу жайларда же батирди ижарага алып жашап жатканын айтышкан.
"Биздин балдар өз үй дегенди унутуп баратышат, улгайган адамдар убактылуу жайлардагы керебеттерде каза болууда. Бизге ушундай олуттуу маселеге байланыштуу конкреттүү чечим зарыл болуп турат. Бийлик менен элдин ортосундагы байланыштын жоктугун сиз өзүңүз айттыңыз. Ошондуктан биз менен түз диалогго чыгыңыз", - дешти алар.
Глушково Украина менен чек арада жайгашкан аймак. 2024-жылдын августунда жергиликтүү бийлик Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн операциясынын фонунда аймакта эвакуация жарыялаган. Бул аймактын батыш жана түштүк тарабында Украинанын чек арасы, чыгышында Суджа району, ал жерде 6-августтан бери салгылашуу жүрүп жатат. Глушково районунун калкы 2022-жылдын башына карата 20 миңге жакын адамды түзгөн.
Курск облусунун райондорунан келген качкындар нааразылык акцияларын ноябрь айынан бери өткөрүп келет. 10-ноябрда Суджа районунун 100дөн ашуун тургуну нааразылык акциясына чыккан, алар Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусуна киргенден кийин үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Шерине