Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

"Кыргызстандыктар баары коопсуз жерде". Лос-Анжелестеги өрт


Калифорния штаты. Өрт өчүрүү маалында тартылган сүрөт.
Калифорния штаты. Өрт өчүрүү маалында тартылган сүрөт.

АКШнын Калифорния штатынын бир бөлүгүндө 7-январда тутанган өрт дале толук өчүрүлө элек. Жергиликтүү синоптиктер келерки аптада да катуу шамал болорун эскертти.

Санта-Ана шамалы Калифорниянын Лос-Анжелес округунда тутанган өрткө каршы күрөшүп жаткандардын ишин оорлотушу ыктымал экени айтылды. Округдун Улуттук метеорологиялык борборунун эскертүүсүндө келерки аптада башталышы болжолдонуп жаткан шамалдын ылдамдыгы саатына 75-105 чакырымга жетиши мүмкүн.

Өрт тутанган аймакта окуган, иштеген кыргызстандыктар да бар. Алар коопсуз жайда экенин, жашоо кадимки нукта өтүп жатканын “Азаттыкка” айтып беришти.

АКШга барганына 18 жыл болгон Расул учурда Лос-Анжелестеги мектептердин биринде IT директор болуп иштейт. Бул аймакта өрт тутанган алгачкы күндөрү бир топ ишканалар, анын ичинен мектептер жумушун үч күнгө токтоткон.

Анын айтымында, азыр кадыресе жашоо уланып жатканы менен, башка аймактарда өрт жайылып кетүү коркунучу сакталууда:

“Мен күн сайын бир нече ирет атайын тиркеме аркылуу абалды карап турам. Азыр кыргыздар көп жашаган бир район бар. Катуу шамал өтүп кетсе, өрт толук өчөт деп үмүт кылып турушат. Жашоо уланып жатат. Кыргыздардын социалдык тармактарда ар кандай тайпалары бар. Баары эле иштеп жатышат. Америкада иштебесең, ачка каласың да”.

Расулдун айтымында, бул аймак үчүн өрт кырсыгы кадыресе көрүнүш. Жыл сайын өрт тутанып, жарандарга коркунуч жаратпай өчүрүлүп келген.

"Бирок бул жолкусунда катуу жайылды. Ал жерде жашагандар үйсүз калышты, мектептер, ооруканалар, бардык имараттар күйүп кетти. Лос-Анжелес аябай чоң шаар болгону үчүн башка аймактарда баары кадимкидей эле. Бирок абалды утур-утур билип турабыз. Watch Duty деген тиркеме аркылуу телефондон кайсы жерлерде эвакуация жүрүп, өрттүн багыты кандай болуп жатканын көрүп турабыз. Анын үстүнө башка жерлерде да улам өрт чыгып турат. Мисалы, кечээ күнү биздин үй жактан да өрт чыгып, 2-3 саатта өчүрүп коюшту", - деди ал.

Маектешибиз белгилегендей, мындай учурлар көп болот:

"Беш ай мурун биз жашаган жерге өрт жакындап келип, беш күнгө созулду. Өрт да, шамал да жыл сайын болот. Былтыр жана мурдагы жылы жаанчыл болсо, быйыл өтө кургакчыл. 6-7 айдан бери жаан жаай элек. Жерде үйүлгөн кургак чөп тизеден болуп калган. Өрт чыккан биринчи күнү катуу шамал болуп, өрт өчүрүүчү тик учактар уча албай, кырсык жайылып кетти”.

Ариет Тороев
Ариет Тороев

Дагы бир кыргызстандык Ариет Тороев Лос-Анжелес шаарындагы Вестклифф университетинде магистратурада окуйт. Ал АКШга алты ай мурун барганын, окуусу уланып жатканын, учурда баары коопсуз экенин айтты:

“Сиз өрт чыгып жаткан жакка жакын болсоңуз, телефонуңузга эскертүү келип, куткаруу эрежелери айтылат. Биз ал жерден алысыраак болгонубуз үчүн эч жакка кеткен жокпуз. Өрттөн жабыркаган кыргыздар болгон жок. Алар көбү шаарга жакын, токойдон алыс жашаганы үчүн коопсуз эле болду. Өрт төрт тараптан чыкты. Куткаруучулар ошого жараша жолдорду жаап, эвакуация иштерин кылып жатышты”.

Жакып Жоомарт уулу
Жакып Жоомарт уулу

Жакып Жоомарт уулу да Лос-Анжелеске билим алуу үчүн барган. Кыргызстандыктар менен чогуу батирде жашап жатканына 15 күндөй болду. Алар жашаган аймак өрттөн алыс, абал тынч. Ал өзү өрттү автоунаа менен баратып, алыстан гана көргөн:

“Кыргыздар бири-бирибиз менен байланышып, абалыбызды сурап турабыз. Баары тынч. Интернетте ар кандай видеолор тарап жатат. Азыр жасалма интеллект менен жасап койсо да болот. Голливуд деген жазуу өрттөнүп жатканы жасалган видеолор тарап жатканын көрүп таң калдым. Ал жерде өрт жок, баары жакшы. Мурда кандай окусак, ошондой эле окуп жатабыз”.

Жакып Жоомарт уулу жолдо баратып тарткан сүрөт.
Жакып Жоомарт уулу жолдо баратып тарткан сүрөт.

Лос-Анжелесте жашаган кыргызстандыктар соңку 4-5 жыл ичинде көбөйгөн. Алардын айрымдары жогорку окуу жайларда иштесе, кээ бирлери ар кандай жумушта иштейт. Мексика аркылуу баргандар да көп.

Лос-Анжелестеги өрт кырсыгынан каза болгондор, 16-январдагы маалыматка караганда, 25 кишиге жетти. Дагы кеминде 30 киши дайынсыз болууда.

АКШнын президенти Жо Байден өрттүн кесепетин жоюуга "ондогон миллиард доллар керек болорун" дүйшөмбүдө айткан. Президент Калифорнияда масштабдуу жаратылыш кырсыгы режимин жарыялаган жана токой өртүнөн жабыркаган райондорго федералдык алкакта жардам көрсөтүү буйругун берген.

Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Чагылган, электр зымдарынын жабыркашы, атайылап өрттөө же фейерверктен башталган болушу ыктымал деген жоромолдор бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, Калифорниянын түштүк тарабында былтыркы май айынан бери 2,5 миллиметр жаан-чачын жааган. Токойлордогу өрт барган сайын эрте тутанып, кечигип өчүп жатканын адистер белгилешет.

Калифорниядагы өрт: Кеминде 10 киши набыт болуп, 10 миң имарат күйүп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:16 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG