Буга чейин Флорида штатынан сенатор болуп келген Марко Рубио 21-январда ант берип, мамлекеттик катчынын кызматына расмий киришти. Анын талапкерлигин АКШ Сенаты Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин эле бекиткен. Вице-президент Жей Ди Вэнске ант бергенден кийинки сөзүндө ал тышкы саясатта Американын кызыкчылыгын биринчи орунга коерун белгиледи.
53 жаштагы республикачыл Рубио Сенаттагы Тышкы саясат жана чалгын комитетинин мүчөсү болуп келген. Ал Кытайды кескин сындап жана Израилди жактаганы менен белгилүү. Кубадан чыккан иммигранттардын уулу Рубио коммунисттер жетектеген аралга катаал чараларды киргизүүгө чакырып келет.
Рубио Украинадагы согуштун токтошун жактап, Москва дагы, Киев дагы кеп-сөзгө келиш керек деген пикирде.
"Чындыгын айтканда, бул куралдуу кагылышта Орусия Украинаны толугу менен басып ала албайт. Украиндер каарман жана кашык каны калгыча салгылашат. Ал эми өлкө өтө чоң. Буга жол берилбейт. Ошону менен катар Украина сыяктуу мамлекет орусиялыктарды согушка чейин кайда болсо ошол жерге сүрүп чыгара албайт", - деген Рубио 15-январда сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып.
Рубио Американын башкы дипломаты болгон теги латын америкалык биринчи саясатчы.
Шерине