Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:02

Израил армиясынын Батыш жээктеги операциясы алты кишинин өмүрүн алды


Женинде аскердик операция жүргүзгөн израил аскерлери жана машинелери. 5-сентябрь, 2024-жыл. Иордан дарыясынын Батыш жээги.
Женинде аскердик операция жүргүзгөн израил аскерлери жана машинелери. 5-сентябрь, 2024-жыл. Иордан дарыясынын Батыш жээги.

21-январда израил армиясынын Иордан дарыясынын оккупацияланган Батыш жээгинде жүргүзгөн ири аскердик операциясынын жыйынтыгында кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, ондогон адам жараат алды. Бул тууралуу Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып, Associated press агенттиги жазды. Газа тилкесинде ок атышуунун токтогонуна үч күн болду.

Операция негизинен Женин шаарында жүргүзүлдү. Бул аймакта Газада согуш башталгыча эле соңку жылдары израил армиясы аскердик операцияларды жүргүзүп, согушкерлер менен кагылышуулар катталып келген.

Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей Батыш жээкте Газада согуш башталганы 800 кишинин өмүрү кыйылды.

Ал арада 20-январда кызматына расмий киришкен АКШнын президенти Дональд Трамп өз жарлыгы менен Байдендин Батыш жээкке байланыштуу буйругун жокко чыгарды. Американын мурдагы президенти Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги тынчтыкка бүлүк салгандарга санкция салган. Байдендин администрациясы Газада согуш башталганы Батыш жээкте палестиндерге зордук-зомбулук көрсөткөн израилдиктерди "кара тизмеге" киргизген.

Газадагы ок атышууну токтотуп, туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу 19-январда күчүнө кирди. Анын шарттарына ылайык, АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу үч израилдик туткунду барымтадан бошотуп, Израил 90 палестинди абактан чыгарды.

Шерине

XS
SM
MD
LG