Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Путин менен Си видео байланыш аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды


Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин 2024-жылдын октябрь айындагы жолугушуусу.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин 2024-жылдын октябрь айындагы жолугушуусу.

21-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин видеобайланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа агенттиги жазды. Маалыматты Кремлдин басма сөз кызматы да тастыктады.

Эки жетекчинин сүйлөшүүсү АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкен күндүн эртеси болду. Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу азырынча так маалымат жок, лидерлер Трамптын инаугурациясын жана анын демилгелерин, атап айтканда, Украинадагы согушту токтотууну талкуулаштыбы же жокпу, белгисиз.

Кремлдин басма сөз кызматы жолугушуунун башталышынын видеосун жарыялады. Анда Путин "орус-кытай ар тараптуу өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча жаңы пландарды белгилөө жана стратегиялык өз ара аракеттенүү зарыл" экенин айтты. Ал ошондой эле Орусия менен Кытайдын “чоң державалардын ортосундагы мамиле кандай болушу керектиги боюнча көз караштар бири-бирине дал келгенин” белгиледи.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге сүйлөшүү 1 саат 35 мүнөткө созулганын, Кытайдын башчысы АКШнын шайланган президенти Трамп менен 17-январдагы телефон сүйлөшүүсүнүн мазмуну тууралуу "жалпы мааниде маалымат бергенин" айтты.

17-январда инаугурацияга үч күн калганда Трамп Си Цзиньпин менен сүйлөшкөн. Анда Трамп кызматка киришкенден кийин Путин менен жакынкы аралыкта телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатканы айтылган. Путин бир күн мурда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Трампты кызматка киришүүсү менен куттуктап, аны менен байланышка даяр экенин билдирген.

Датасы жана убактысы азырынча тактала элек сүйлөшүүнүн негизги темасы Украинадагы согуш болору күтүлүүдө. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG