2024-жылы Өзбекстанга чет өлкөлөрдө иштеген 483 эмгек мигрантынын сөөгү жеткирилген. Бул тууралуу “Gazeta.uz” басылмасы өлкөнүн Миграция агенттигинин маалыматына шилтеме кылып жазды.
Миграция агенттигинин басма сөз кызматы "Жүк-200дүн" 474ү Орусиядан, дагы төрт адамдын сөөгү Түркия, Түштүк Корея, Казакстан өлкөлөрүнөн алынып келингенин жазды.
Мекеменин бөлүм башчысы Нигора Исроилова "Жүк-200дү" мекенге жеткирүүгө кеткен чыгым мамлекеттик бюджеттен каржыланганын билдирди.
Адатта ага кеткен каражат өлкөгө жараша бир миң доллардан 10 миң долларга чейин чыгымды түзөт.
Миграция агенттиги былтыр оор кырдаалга кабылган 775 жана оор жаракат алган 182 өзбек жараны мекенине кайтарылганын маалымдады. (AiA)
Шерине