Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Коррупция үчүн соттолгондордун президент же депутат болушуна бөгөт коюу сунушталууда


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив.

Коррупция жана мамлекетке каршы жасалган башка кылмыш үчүн соттолгон жарандар президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша албай жана министр боло албай турганы жөнүндөгү сунуш парламенттик комитетте колдоо тапты. Мындайга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун 21-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети 1-окууда карап, кабыл алды.

Документти депутаттар Жеңишбек Токторбаев, Гуля Кожокулова жана Камила Талиева жазган. Алар коррупция жана башка мамлекетке каршы жасалган кылмышы үчүн соттолгон жарандар соттуулугу жоюлган учурда да мамлекеттик жогорку кызматтарда иштөөгө, парламентке шайланууга укугу жок деп эсептешет.

Демилгечи депутат Жеңишбек Токторбаев 21-январдан тартып коррупциялык кылмыш боюнча жаза күчөтүлгөн жаңы мыйзам ишке кирерин белгиледи.

"Бирок бул мыйзамдын талаптары мамлекеттик жогорку кызматта отургандарга иштебейт экен. Анткени аларды мамлекеттик өзгөчө макам коргоп турат. Ошондуктан жогорку мамлекеттик кызматта отуруп коррупция кылгандарды же мамлекетке каршы иштегендерди жоопко тартуу үчүн мыйзамды өзгөртүү керек", - деди Токторбаев.

Документ Конституциядагы "Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылат.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин билдирген. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин айткан.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG