Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Жогорку Кеңеш комитети жарандардын маалымат коопсуздугу тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды


Манжа изин каттап, идентификациялоо учуру. Кыргызстан. 2014-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Манжа изин каттап, идентификациялоо учуру. Кыргызстан. 2014-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 21-январдагы отурумунда жарандардын жеке маалыматтарын коргоого арналган маселени талкуулашты.

Депутаттар буга чейин айрым чет элдик хакерлер Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын уурдаганын белгилеп, жетиштүү деңгээлде коргоо жок экенин сындашты.

Отурумда Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Үсөнов маалымат берип, жеке маалыматтарынын чет жактарга чыгышына жарандар өздөрү макулдугун берерин белгиледи.

"Жарандар Google же Яндекс түйүндөрүнө катталып жатканда жеке маалыматын колдонууга өздөрү макулдугун берет. Эгер алар макулдук бербей туруп, чет жактарга чыгып кетсе, анда бул мыйзамсыз болот. Киргизилген мораторийден улам биз коммерциялык уюмдарга пландуу текшерүү жүргүзө албай келдик, быйылкы жылы Экономика министрлиги менен чогуу аларды текшерүүгө киришебиз".

Депутат Улукбек Ормонов агенттик сунуштап жаткан мыйзам долбоору жарандардын жеке маалыматын коргоого эмес, аларды жазалоого багытталган деп сындады.

"Сиздердин агенттик жарандардын жеке маалыматтарын коргобой эле, аларды жазалоону көздөп жаткан экенсиңер да. Аларды текшерип, айып салуу үчүн мыйзам жазыпсыздар. Менимче, мыйзам жеке жарандардын маалыматтарын коргоого багытталган болсо, анда биз колдоп берет элек", - деди ал.

Агенттиктин жетекчиси Алмаз Үсөнов айрым коммерциялык уюмдар жарандардын маалыматтарын алардын макулдугусуз эле чет жактарга чыгарып жатканын айтып, мыйзам долбоору ага бөгөт коюуну көздөй турганын белгиледи.

"Мисалы, былтыр бизге жарандар Мбанк ("Кыргызстан" банкы) аркылуу жеке маалыматы сыртка чыгып кеткенине даттанышкан. Анткени банк Орусиядагы процессинг борборун колдонот экен. Бирок субьекттер маалыматтарын өткөрүп берүүгө макулдугу жок болчу. Биз тиешелүү мыйзам жоктугунан жарандарыбыздын укуктарын коргоп бере албай калдык".

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 21-январдагы отурумунда "Укук бузуулар жөнүндөгү кодексе өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун четке кагып, кайрадан оңдоп келүүнү тапшырды.

Былтыр май айында Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жаранынын жана компаниянын жеке маалыматын ачыкка чыгарган. Хакердик топ муну 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөтүлгөн окуяга "протест катары жасалган иш" деп түшүндүргөн. Андагы маалыматтар БШК, Жогорку сот, Мамлекеттик салык кызматы, Юстиция министрлиги жана башка булактардан алынганы айтылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG