Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Байден президенттик кызматынын акыркы саатында бир нече адамга алдын ала ырайым берди


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден мамлекет башчылык кызматынын акыркы сааттарында өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, бир нече адамга алдын ала ырайым берди. Ал мындай кадамга Дональд Трамптын жаңы администрациясынын "өч алуусунан" коргоо максатында барганын түшүндүрдү.

"Бул ырайым берүүнү кайсы бир адамдар кандайдыр бир кылмыш иштерге барды дегенди билдирбейт жана ошондой эле алар кайсы бир кылмыш иши үчүн күнөөсүн мойнуна алды дегенди туюндурбайт. Биздин өлкө бул мамлекеттик кызматкерлерге алардын мекенге болгон чарчап-чаалыккыс берилгендиги үчүн карыз", - деди Байден өз билдирүүсүндө.

Ырайым берилгендердин арасында доктор Энтони Фаучи, отставкадагы генерал Марк Миллер жана 6-январдагы Капитолийге жасалган чабуулду иликтеген комитеттин өкүлдөрү дагы бар.

Associated Press агенттиги жазгандай, буга чейин Трамп бир кезде ага саясий жактан жолун тосууга аракет кылган же 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын "жокко чыгаруу аракети үчүн" жана 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийге жасалган чабуулдагы "ролу үчүн" жоопкерчиликке тартууну көздөгөн душмандардын тизмеси бар экенин буга чейин эскерткен.

Байдендин соңку чечими бир нече айдан бери Ак үйдө жогорку деңгээлдеги талаш-тартыш жаратып келген. Адатта президент өз мөөнөтүнүн соңунда кандайдыр бир кылмыштары үчүн соттолгон америкалыктарга ырайым берет. Байден укугун бул жолу өзгөчө пайдаланып, кылмыш иши тургай, тергөө баштала элек адамдарга колдонду.

Фаучи Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча улуттук институттун башчысы болгон. Ал коронавирус пандемиясы учурунда Трамптын чечимдерине каршы чыгып келгени менен белгилүү.

Ал эми Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин мурдагы башчысы Марк Милли Капитолийге жасалган чабуулдан кийин Трампты "фашист" деп атаган.

Ал Байдендин соңку чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

Дональд Трамп 20-январда ант берип, президенттик кызматка расмий киришет.

Шерине

XS
SM
MD
LG