Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу былтыр үч эсе тез өстү. Бул тууралуу "Оксфам" (Oxfam) уюмунун 20-январда Давосто баштала турган дүйнөлүк ишкерлик жана саясий элитанын форумун утурлай жарыялаган баяндамасында жазылат.
Дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси бир канча жылдан бери аталган форумдун алдында бул маселеге коомчулуктун, анын ичинен саясий лидерлердин көңүлүн бурдурууга аракет кылып келет.
Иликтөөчүлөр белгилегендей, кризис учурларында эң көп пайданы ашкере бай адамдар көрөт. Былтыр орто эсеп менен ар бир миллиардердин байлыгы күнүнө 2 миллионго көбөйүп турган. Ал эми дүйнөдөгү ашкере бай 10 адамдын бул көрсөткүчү 100 миллион долларды түзгөн. Былтыр ар жумада дүйнөдө төрттөн миллиардер пайда болуп турган.
2024-жылы миллиардерлердин жалпы саны 204 кишиге көбөйүп, 2769га жеткен. Алардын активдеринин суммасы 2013-жылы 13 триллионго жетсе, ошол эле маалда дүйнөдө ачарчылыкка кептелгендердин саны 733 миллионду түзөт.
Уюмдун баяндамасы ар кайсы булактардын алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт. Бул жолу аналитиктер Forbes басылмасынын, Дүйнөлүк банктын жана UBS World Wealth Report баяндамасынын маалыматтарынын негизинде жыйынтык чыгарышкан.
Шерине