Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Чүйдө "Алдамчылыкка" шектелип жаткан жубайлардын бири кармалды


Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тарабынан "Алдамчылыкка" шек саналып жаткан жубайлардын бири О. А. кармалды. Ал эми анын күйөөсү О.С. издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 20-январда "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, жубайларга "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоого жергиликтүү тургундун эки: "Тойота-Раф-4" жана "Мерседес-Бенц-Спринтер" автоунааларын алдатып, алдырып жибергени тууралуу арызы негиз берген.

"2024-жылы май айында шек саналып жаткан жубайлар даттануучунун ишенимине кирип, анын "Тойота-Раф-4" жана "Мерседес-Бенц-Спринтер" автоунааларын алып кетип, үчүнчү адамга сатып жиберишкен. Муну менен алар даттануучуга 2,5 млн сомдук зыян келтиришкен", - деп билдирди ИИМ.

Бул иш боюнча Москва райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМ басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жубайлардын үстүнөн дагы он чакты жаран даттанып, акча, мал, транспорттук каражаттарын алдырып жиберишкенине арызданышкан.

Ыкчам иш-чаралардын негизинде милиция жубайлардын бирин 42 жаштаны О. А. аттуу аялды кармады, ал эми анын күйөөсү 49 жаштагы О. С. Кыргызстандын чыгып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланган. Учурда аны да кармоо аракети көрүлүүдө.

Чүйдүн Москва районунун тургундары - жубайларга малын, унаасын алданып алдырып жиберишкенин айткан жарандар 15-январда "Азаттыкка" да кайрылышкан. Алар былтыр май айынан бери милицияга кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай келгенин билдиришкен. Жабырлануучулардын жалпы чыгашасы 5 млн сомдон ашуун экенин айтышкан.

ИИМ "Азаттыкка" бул арыздардын негизинде Москва РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, иш жүрүп жатканын маалымдаган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG