Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Абдуваповдун абактагы мөөнөтү узартылды


Алтынбек Абдувапов.
Алтынбек Абдувапов.

Салык кызматынын мурдагы башчысы Алтынбек Абдуваповдун абактагы мөөнөтү узартылды. Биринчи май райондук сотунун 17-январдагы чечимине ылайык, Абдувапов 20-мартка чейин абакта болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын 6-декабрда кабарлаган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Мунун алдында атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголгон.

УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG