Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түштүк Кореядагы акыркы окуяларга байланыштуу бул өлкөдөгү кыргызстандык жарандарды этият болууга жана сактыкка чакырды.
Мекеменин басма сөз кызматы 20-январь күнү маалымат таратып, мекендештерди сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпай турууга үндөдү.
"Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз", - деп жазылган мекеменин маалыматында.
ТИМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууга болорун билдирүүдө: +82 10 9798 0951.
19-январь күнү Түштүк Кореянын борбору Сеулдун аймктык соту кызматтан убактылуу четтетилген президент Юн Сок Ёлду камоого расмий ордер берген. Сот жүрүп жаткан учурда кызматтан четтетилген президенттин жүздөгөн тарапташы чогулуп, соттун имаратынын айнектерин сындырып, ичине кирүүгө аракет кылышты. Ошол эле жерде Юнга каршы болгондор дагы митинг уюштурду. Коомдук коопсуздукту жүздөгөн полиция кызматкери кайтарып турду.
Юн Сок Ёль 15-январда камакка алынган. Анда ал өзүнүн камалышын мыйзамсыз деп эсептерин, бирок кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айткан.
Бул Түштүк Кореянын тарыхында иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, камакка алынган биринчи учур болуп калган.(ZKo)
Шерине