Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

ЖКда мектеп рэкетчилиги токтобой жатканы айтылды


Өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуу көйгөйү тууралуу тартылган "Акыркы сабак" сериалынан кадр.
Өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуу көйгөйү тууралуу тартылган "Акыркы сабак" сериалынан кадр.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айрым депутаттар мектептеги рэкетчилик олуттуу маселе бойдон калып жатканын белгилешти. Эл өкүлү Айсулуу Мамашева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында калаадагы мектептердин биринде уруп-сабоого туш болгон окуучу мектепке баргандан коркуп жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе өз жыйынтыгын бере элек. Бычакташканга чейин барган учурлар болгон. Милиция эч кандай реакция жасабай жатат. Билим берүү министрлиги дагы кандайдыр бир реакция жасап, ал бала эмнеге андай кадамга барды, кандай болуп жатат деп койсо болмок. Ата-энелер акыйкаттыкты издеп, таппай жатышат. Окуя жаңы жылдын алдында болгон. 11 жаштагы баласы ооруканага жатып, мектепке баргандан азыр дагы коркуп жатат", - деди Мамашева.

Ушул эле маселени комитеттин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева да көтөрүп, бул багытта иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.

"Дагы эле бул маселе күчөп, дагы деле катталып жатат. Биздин балдар эле ушинтип жабыркап жатат", - деди ал.

Бишкек мэриясынын өкүлү бул окуя боюнча баланын ата-энесинен арыз, кайрылуу түшпөгөнүн, маалымат балдар менен иштөө комиссиясына берилгенин белгиледи.

Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү чара көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоп, кайрылганын билдирген.

Зомбулукка кабылган баланын апасынын айтымында, 21-декабрь күнү 9 жана 11 жаштагы эки уулу ийримге бараткан жеринен аларды ошол эле мектепте окуган, эки жаш улуу окуучу кармап алып, колундагы тамак-ашын тартып алган, улуусун уруп-сабап, акча талап кылган. Натыйжада бала мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.

Мекеме 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Милиция буга балдардын ата-энеси миграцияда жүргөнү таасир эткенин билдирген. Ал эми алардын басымдуу бөлүгүнүн жакындары балдардын өлүмүнө айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG