Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Кытай Бишкектеги темир жолду көчүрүүгө 550 млн доллар салууга даяр экени айтылды


Кыргызстандагы темир жолдордун бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду
Кыргызстандагы темир жолдордун бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду

Бишкекти аралап өткөн темир жолду шаар четине көчүрүүгө түндүк айланма жолу тараптан жер даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда мэр Айбек Жунушалиев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын China Road компаниясы долбоор үчүн 550 млн доллар салууга даяр. Компания темир жолдун бошогон жерин алууну сураган.

"Бул ишке болжолдуу курулуш иштерине 550 млн доллардын тегерегинде каражат сарпталат экен. Бирок бошогон жерлерди биздин башкы планга туура келип, курулуш иштерди жүргүзсө жердин баасы 450 млн доллардай болот экен. Алар мамлекет өзү каржыласа өзү каржыласын же бошогон жер тилкесин бизге өткөрүп берсе кичи районду, курулуш иштерин өзүбүз алып кетип пайдаланганга даярбыз деп жатышат. Азыр кайсыл чечим менен барабыз деп караштырып жатабыз. Биз темир жол алынган күндө дагы магистралдык жол калышы керек деген талапты коюп жатабыз".

Жунушалиев темир жолдун ордуна шаардагы тыгынды жеңилдете тургандай Кантка чейин жүрүүчү трасса куруу пландалып жатканын айтты. Учурда түндүк айланма жол жана темир жолго тийиштүү жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.

16-январда Бишкек мэриясында темир жолду шаардын четине көчүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өткөн.

Жыйында China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясынын өкүлдөрү темир жолду көчүрүү боюнча бир нече вариантты сунуштаган. Буга чейин өкмөт аталган компания менен Бишкек шаарынын темир жол жана автожол инфратүзүмүн кеңейтүү боюнча кызматташуу меморандумун бекиткен. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG