Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:24

"Коопсуз шаар": Айып пул тууралуу маалыматты онлайн жиберүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол эрежесин бузгандарга айып пул тууралуу маалыматты почта аркылуу эмес, онлайн жөнөтүүнү сунуштоодо. Укук бузуу кодексине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды.

Анда ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда, укук бузуулар жөнүндөгү токтомдорду жеткирүүдө айрым көйгөйлөргө туш болуп жатканы белгиленген.

Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 543-беренесине ылайык, укук бузуу болгондугу тууралуу документ (аныктама, протокол, токтом, тескеме) ошол адамдын өзүнүн же аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин колуна жеке өткөрүлүп берилиши керек.

Айып пул тууралуу маалыматтарды чыгарууга, ИИМ белгилегендей, 5 жылда 95 млн 838 миң 869 сом сарпталды.

"Мындан тышкары, токтомдорду жеткирүү почта жөнөтмөлөрүнүн каражаттары боюнча ишке ашырылып, натыйжада республикалык бюджеттен белгилүү бир чыгымга алып келерин белгилей кетүү керек. 2019-жылдан тартып 2024-жылга чейинки мезгилде укук бузуулар жөнүндөгү токтомдорду басып чыгарууга, конвертациялоого жана жеткирүүгө 95 млн 838 миң 869 сом сарпталган. Бул санга таянып айтканда, кол менен жеткирүүгө альтернатива катары электрондук почтаны, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, мобилдик тиркемелерди жана мобилдик телефонго СМС кабарлоо каражаттарын онлайн режимде колдонуу зарылдыгы келип жеттии", - деп жазылган документтин негиздеме маалымкатында.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрь айында “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп берген.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоору эми “Коопсуз өлкө” болуп Кыргызстандын бардык аймактарына жайылтыларын айткан. Бул иш Ички иштер министрлигине жүктөлгөнүн жана мекеменин буга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG