Пакистанда сот мурдагы өкмөт башчы Имран Ханды жана анын аялы Бушра Бибини коррупция иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал өзү тагылган мындай айыптарды четке кагып келген.
Судья Насир Жавед Рана мурдагы премьер-министрди 14 жылга, анын аялын жети жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Экөө тең Хан бийликте турган маалда "бизнес-магнат Малика Риазадан белекке жер тилкелерин алып, бул үчүн ага арам акчасын адалдаштырууга жол бергени үчүн" күнөөлүү деп табылды.
Прокурорлордун маалыматына караганда, бул иште кеп 240 миллион доллар тууралуу болуп жатат.
Убагында крикет спортунун жылдызы болгон 72 жаштагы саясатчы Хан бир жылдан бери түрмөдө отурат. Ага "мамлекеттик купуя сырды ачыктаган" деген айып менен 10 жыл жаза мөөнөтү чегерилген. Андан тышкары мурдагы өкмөт башчыга 150дөн ашуун кылмыш иши козголгон.
Хан өкмөттү 2018-2022-жылдары жетектеп турган. Ал Пакистанда калктын кайсы бир катмарынын арасында абдан популярдуу саясатчы катары саналат. Хан өзү жана анын "Пакистан Техрик-е Инсаф" партиясы козголгон кылмыш иштердин саясий максаты бар деп эсептешет.
Шерине