Бир нече орусиялык дипломат британ парламентинин имаратындагы экскурсия учурунда кармалган. Алар жалпы топтон бөлүнүп, Лорддор палатасынын жыйындар залына кирип кетишкен. Британиянын Guardian гезити жаңы санында 25-декабрда белгиленүүчү Рождество майрамынын алдында болгон мына ушул окуяга атайын макаласын арнады.
Guardian жазгандай, парламенттик имараттын ички коопсуздук кызматы орусиялык дипломаттарды сыртка чыгарып, ал жакта экскурсия жүргүзүлбөй турганын түшүндүргөн.
Би-Би-Си аталган басылмага шилтеме кылып "Британия өкмөтү бул окуяга демейдегиден олуттуу мамиле кылганын" жазды. Бул окуядан кийин эки палатанын тең депутаттарына Орусиянын дипломаттарын парламенттин имаратына жеке түрдө дагы чакырбоону эскерткен кат жөнөтүлгөн.
Материалдын авторлору орусиялыктарга экскурсия кызматкерлердин биринин же депутаттардын жеке демилгеси менен уюштурулганбы же орус дипломаттары жөнөкөй турист катары билет сатып алганбы, белгисиз бойдон калганын жазышкан.
Guardian кошумчалагандай, Москва менен Лондон ортосунда дипломатиялык алака токтотулган эмес, бирок 2022-жылдын март айында Орусиянын дипломаттары британ парламентинин имаратында persona non grata деп жарыяланган жана бул тууралуу орус элчиси жазуу түрүндө кабардар кылынган. Мындай чечим Орусия Украинага кол салгандан кийинки чара болгон.
Шерине