Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Словакияда гимназиядагы кол салуудан директор жана мугалим каза болду


Окуя болгон жер. Спишска Стара Вес шаары, Словакия.
Окуя болгон жер. Спишска Стара Вес шаары, Словакия.

Словакиянын Спишска Стара Вес шаарындагы гимназиядагы кол салуудан эки киши каза болду. Алардын бири билим берүү мекемесинин директору, экинчиси мугалим экени айтылды. Жараат алган бир адамдын абалы оор экени кабарланды.

18 жаштагы кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок бир сааттан кийин ал полициянын колуна түшкөн.

Ишти Словакия полициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы териштирүүдө.

Шектүү алгач Кежмарок шаарындагы гимназияда окуп, кийин Спишска Стара Веске которулганы белгилүү болду. Ал мектепте жакшы окуп, олимпиада жана башка сынактарга катышып жүргөн. Бул кылмышка эмне себептен барганы азырынча белгисиз.

Өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо жана башка жогорку жетекчилери трагедияны айыптап, коомчулукту тилектештикке жана колдоого чакырды. Фицо Словакия жарандарын окуяны саясий максатта колдонбоого үндөдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG