Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Тажикстан жана Иран кызматташтыгы тууралуу 23 документке кол коюлду


Иран президенти Масуд Пезешкиан менен Тажикстан лидери Эмомали Рахмон. 2025-жылдын 16-январы.
Иран президенти Масуд Пезешкиан менен Тажикстан лидери Эмомали Рахмон. 2025-жылдын 16-январы.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен тажик президенти Эмомали Рахмон инвестициялык, экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча 23 документке (меморандумга) кол коюшту. Маалыматка караганда, тараптар Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири Газа тилкесиндеги абал да болду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу 16-январда жазды.

Эки өлкөнүн ишкерлери жалпы бюджети 450 миллион доллардан ашык суммадагы 13 документке кол коюшту.

Тажик президенти Эмомали Рахмон муну “кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигинин белгиси” деп баалады.

2024-жылдын статистикасы боюнча, Тажикстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 336 миллион долларды түзгөн. 2021-жылы бул көрсөткүч 120 миллион долларга барабар болгон.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тажикстанга мамлекеттик сапар менен 15-январда барган. Сапар 17-январда жыйынтыкталат.

Былтыр учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрагим Раиси 2023-жылы Тажикстанга расмий сапар менен барган. Анда Дүйшөмбү менен Тегеран виза режимин жоюу тууралуу макулдашкан.

Тажикстан менен Ирандын алакасы 2015-жылы кескин начарлап кеткен. Анда расмий Дүйшөмбү Тегеранды тажик бийлиги террордук деп тааныган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" төңкөрүш, жарандык согуш тутантуу аракетин колдогон" деп айыптаган.

Соңку жылдары эки коңшу мамлекет ортосундагы мамиле кайрадан өз нугуна түшкөнү байкалат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG