Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул өлкөдөгү элчиси Сергей Копыркинге нота тапшырды. Министрлик мындай дипломатиялык кадамга 12-январда "Россия 1" телеканалындагы Армениянын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы келген көрсөтүү негиз болгонун белгиледи.
"Вести недели" программасынын алып баруучусу Дмитрий Киселевдун кайсы сөздөрү Армениянын суверендүүлүгүнө шек келтиргени маалыматта белгиленген эмес. Берүүдөгү сюжеттердин бири Армения менен Азербайжандын мамилесине арналган.
Киселев Ереван "үч тараптуу келишимдеги өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерге" көңүл бурбай жатканын белгилеген. Ал Армения өкмөтүнүн "Орусия менен байланыштан кайтып", Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун комментарийлеп, "силердин тандооңор эч кандай жакшы нерсе менен бүтпөйт" деген.
2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) ишмердигине катышууну токтоторун билдирген. Ал эми 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтуусу мүмкүн болбой калганын айткан.
Никол Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Өз кезегинде, Москва Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.
Армениянын өкмөтү 9-январда Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.
Шерине