2024-жылы Орусиянын 23 миңден ашуун жараны Кыргызстандын атуулдугун алуу үчун арыз тапшырган. Бул тууралуу бүгүн 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бекзат Ибраимов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Статистика боюнча 2024-жылы 23 миңден ашуун арыз түшкөн. Бирок анын ичинен миңден ашуун гана Орусиянын жаранына берилген. Калгандарына баш тарткан", - деди Ибраимов.
Мунун алдында эл өкүлдөрү Интернетте кыргыз паспортун сатууга, кыска мөөнөттө алып берүүгө байланыштуу жарнамалар көбөйгөнүн айтып чыгышкан.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко бул маселеге байланыштуу тартип коргоо органдарына кайрылышканын айткан.
Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев 2023-жылы Орусиянын 10 миңге жакын, 2024-жылдын ушул мезгилине карата 7 миң жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу тууралуу арыз тапшырганын Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, акыркы эки жылда ошол арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген.
“Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кезде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет.
Президенттин жарлыгында кыргыз паспортун алгандардын тизмеси жабык берилип жаткандыктан былтыртан бери андагылардын өлкөсүн, улутун, жынысын же башка жагдайын билүү мүмкүн эмес.
Маалымат ачык кезде кыргыз паспортун алгандардын көпчүлүгүн кыргыздар түзчү. Мисалы, 2018-2022-жылдары 22 миңден ашык адам Кыргызстандын жарандыгын алса, анын 17 миңдейи кыргыздар болгон. Көбү Тажикстан менен Өзбекстанда туулган этникалык кыргыздар. Башка өлкөдөн келген кыргыздар да бар. (КЕ)
Шерине