Түштүк Корея өкмөтү эгер Украинанын туткунуна алынган Түндүк Корея аскерлери Сеул тарапка өтүүнү кааласа аларды кабыл алуу маселесин Киев менен талкулоого даяр. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ли Чжэ Вон 14-январдагы маалымат жыйынында айтты.
«Түндүк Кореянын аскерлери Конституцияга ылайык биздин жарандар болгондуктан, эгер алар Түштүк Кореяга качууну кааласа, Украина менен сүйлөшүүнү пландаштырабыз», - деди ал жана колго түшкөн эки жоокердин бири да Түштүк Кореяга өтүү ниетин билдирбегенин белгиледи.
Түштүк Кореянын Конституциясы бүт Корей жарым аралын өзүнүн аймагы катары аныктап, тургундарын жараны катары тааныйт. Ал эми Түндүк Корея буга чейин өлкөнүн жаңы Конституциясында Түштүк Кореяны “душман мамлекет” деп көрсөткөн.
Украин Коопсуздук кызматынын маалымдашынча, Түндүк Кореянын аскерлеринин бири 9-январда кармалган. Жекшемби күнкү кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Киев аларды Орусия туткунга алган украиналык аскерлерге айырбаштоого даяр экендигин билдирген.
Батыш чалгын кызматтары Орусия согушка түндүк кореялык 10 миңге чукул аскерди тартканын кабарлап келишет. "Рёнхап" агенттиги Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме берип Орусиянын Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун жазган.
Москва жана Пхеньян түндүк кореялыктардын согушка катышканын тастыктабаганы менен андай маалыматтарды четке каккан эмес.
Шерине