Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Вице-спикер бир мандаттуу шайлоо округун жокко чыгарууну сунуштады


Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламентке шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округу - мажоритардык системаны жокко чыгаруу демилгесин көтөрдү. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 14-январда коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген депутаттар мандатын тапшыргандан кийин ал аймакта кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен ашыкча чыгым кетип жатканы жазылган.

2021-жылы 11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, ошол эле жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иши “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, парламент депутаттары аралаш шайлоо системасы менен шайланышат. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система - саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округунан - мажоритардык система менен шайланат.

Партиялык тизме менен депутат болуп шайланып келген адам мандатын тапшырса, Борбордук шайлоо комиссиясы мандатты (БШК) партияда андан кийинки катарда турган адамга тапшырат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2021-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG