Орусия Украинага каршы согуш баштаган дээрлик үч жыл ичинде орус авиакомпаниялары каттоосу эки өлкөдө болгон 665 учактын 365ин кош каттоодон чыгара алышты. Кош каттоо чет өлкөгө каттамдарга тоскоолдук жаратып келген. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы Бермуд реестрине шилтеме кылып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, кош каттоодон чыгарылган учактарды, ошондой эле орусиялык Sukhoi Superjet 100 учактарын эске алганда, учурда орусиялык 500дөн ашык учак чет өлкөгө уча алат.
Орусия Украинага чабуулун баштаганга чейин орус авиакомпаниялары учкан чет элдик учактардын көбү Бермуд аралдарында жана Ирландияда катталган эле. Орусияга санкция коюлгандан кийин аталган өлкөлөр орусиялык учактардын сертификаттарын токтотуп, авиакомпаниялар аларды орусиялык реестрге каттай баштаган. Бирок бирден көп өлкөдө каттоодо турган учак менен эл аралык каттамдарга чыгууга тыюу салынган.
Орусиянын Аба транспорту боюнча федералдык агенттигинин маалыматына караганда, 2022-жылы март айына карата Орусиянын 745 учагы Бермуд аралдарынын, 36 учагы Ирландиянын реестринде катталган. Санкция киргизилгенден кийин орусиялык авиакомпанияларга 80дей учагы жеткиликтүү болбой калган, бирок бери дегенде 665и Бермуд аралдарындагы каттоодо калган.
"Аэрофлот" компаниясы эки жерде каттоодо турган 271 учактын ичинен 192син чыгара алган. "Коммерсант" басылмасынын маалыматына караганда, "Аэрофлот" бул үчүн Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунан (NWF) бөлүнгөн дээрлик 300 миллиард рубль каражатынын 250 миллиардын жумшаган.
Эл аралык жарандык авиация уюму учуу коопсуздугу боюнча аудиттин жыйынтыгында Орусияны көйгөй бар өлкө катары белгилеген. Буга учактардын кош каттоодо турганы себеп болгон. Баяндамада уюм көрсөткөн көйгөйлөрдөн улам айрым өлкөлөр орус авиакомпанияларынын учактарына алардын аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салышы мүмкүндүгү жазылган. (AiA)
Шерине