Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги эски аянттагы Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун берди. Мындай демилгени ал парламенттин 15-январдагы отумурунда көтөрүп, Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү керек экенин дагы бир жолу кайталады.
Эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген. Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор районунда туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, “Ак шумкар” өзгөчө белгисин, “Манас”, “Ленин”, “Эмгек кызыл туу” жана башка ордендерин алган.
Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда көп. 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына Лениндин эстелиги тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Оштун борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели турат.
2022-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы мектепке Лениндин бюсту коюлуп, коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)
Шерине