Кыргызстанда кызамыкка байланышкан абал курч экени жана ооруга чалдыккандардын саны Бишкек шаары менен Чүй облусунда басымдуу болуп жатканы айтылды. Бул тууралуу "Биринчи радиодогу" маеги учурунда Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, 2024-жылы өлкө боюнча 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, анын 92-96 пайызы эмделген эмес. Асыкбекова оорунун жайылышына ички жана тышкы миграция дагы таасирин тийгизип жатканын белгиледи:
"Ата-энелер ооруну алдын алуучу эмдөөнү албай жатышат. Алар айрымдары вакцинанын сапатынан күмөн санашат. Экинчиден, диний көз караштан улам же башка себептерге байланыштуу баш тарткандар бар. Азыр негизинен эмделбегендер ооруп жатат. Алар болжол менен 92-96% түзөт".
СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү. Өткөн жылы бул оорудан үч наристе чарчап калган.
Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.
2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (КЕ)
Шерине