Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:33

Лавров Трамптын Украина боюнча сунушуна даярдыгын ишарат кылды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 14-январь 2025-жыл
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 14-январь 2025-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украинадагы согушту токтотуу үчүн АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен жолугушууга даяр экенин ишарат кылды. 14-январда жылдык пресс-конференция маалында Лавров болочок администрация “жериндеги реалдуулукту моюнуна ала баштаганын” белгиледи.

Трамп согушту токтотуу аракетин көрүү үчүн орус президенти Владимир Путин менен кездешүүнү каалаганын айткан.

Москва жок жерден кошуна өлкөсүнө басып киргенине 22-февралда үч жыл болот.

Орусиянын башкы дипломаты “Путин кездешүүгө даярдыгын айтып келгенин, бирок азырынча эч кандай сунуш түшө электигин” билдирди.

Кызмат мөөнөтүнүн аягына бир жумадай убакыт калган АКШнын президенти Жо Байден эмки администрация жардамдын көлөмүн кыскартышы мүмкүн деп Киевге миллиарддаган долларга курал-жарак, жабдууларды жөнөтүүдө.

Украинанын расмий өкүлдөрү да Трамптын тынчтык долбооруна ачык экенин кыйытышкан.
13-январда Newsmax телеканалына берген интервьюда Трамп Путин анын 20-январдагы инаугурациясынан көп узабай жолугушууга даяр экенин айтты.

Анын алдынкы күнү жаңы администрацияга улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчи болуп тандалган конгрессмен Майк Уолц Трамп менен Путиндин телефондон сүйлөшүүсү жакынкы апталарда уюштурулушу мүмкүн экенин ABC News телеканалына маалымдаган. Ал учурда эки президенттин саммитине даярдык көрүлүп жатканын, бул сүйлөшүү анын алгачкы кадамы болорун белгиледи.

"Ар бир орусиялыкты Украинанын ар бир карыш жеринен, Крымдан да кууп чыгабыз деп айтуу реалдуу эмес экенин түшүнөм", - деп айткан Уолц.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лавровдун пресс-конференциясынан көп өтпөй Трамп-Путин сүйлөшүүсү тууралуу конкреттүү түрдө макулдашыла электигин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG