Кыргызстандын түштүгүндө Эркечтам - Ош - Өзбекстан жолунун боюнда "Көкчө-Көз" деген аталышта соода-логистикалык борбор курулат. Соода-логистикалык борбору 17 гектар жерди ээлеп, күн сайын 500-700 жүк ташуучу автоунааны тейлейт.
Башкы директору Жанарбек Молобековдун маалымдашынча, борбор Кыргызстандын түштүк аймактарынын экспорт-импорттук жана транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Борбор жүктөрдү көзөмөлдөө, бажыдан өткөрүү жана сактоо кызматтарын да көрсөтөт, түшкөн кирешенин 30% мамлекеттик бюджетке которулат.
Долбоорду Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду каржылайт.
Аталган фонддун башкармалык төрагасы Артем Новиковдун сөзүнө караганда, долбоор Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы "Эркечтам", Өзбекстан менен чек арасындагы "Достук" чек ара бекеттери аркылуу кирген жүктөрдү бир калыпка салууга шарт түзөт. 100дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.
Жаңы борбор Кытайдан Борбор Азияга багытталган жүктөрдүн транзиттик түйүнү болуп, салык жана бажы төлөмдөрү аркылуу киреше түшүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
"Көкчө-Көз" деген аталышта соода-логистикалык борборунун курулушуна канча акча сарпталары тууралуу ачык маалымат берилген эмес.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) интеграциялашуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Алгач фонд 500 миллион доллар уставдык капитал менен иш баштаган. Кийин дагы ушунча сумма кошулуп, кыргыз ишкерлерине жалпы 1 млрд долларлык насыя берилери маалымдалган.(ZKo)
Шерине