Өткөн жылдын 29-декабрында Муан аэропортуна кыйраган түштүк кореялык Боинг учагынын "кара кутуларында" кырсыктаган учур жазылган эмес. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Транспорт министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, "кара куту" учак конгонго төрт мүнөт калган учурга чейинкини гана жаздырган. Мунун себебин тактоо иштери жүргүзүлөт.
Аталган министрлик учкучтардын сүйлөшүүсү жана ошол кездеги жабдыктардын көрсөткүчтөрү кырсыктын себептерин тактоо үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү. Тергөө аба кыймылынын диспетчерлеринин билдирүүлөрү жана жерден алынган жазуулар сыяктуу башка маалыматтарга да таянары айтылды.
Тергөө тобунун айтымында, диспетчер учакта канаттуулар менен кагылышуу коркунучу болгонун эскерткен.
Борт кагылыштан улам башкаруусун жоготуп, анын авариялык конуу жасоо аракети ийгиликсиз болгон.
Jeju Air аба компаниясына таандык Boeing 737-800 жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган. Учактагы 181 адамдын ичинен эки адам тирүү калган. (AiA)
Шерине