Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

ТИМ Сахалинден Кыргызстандын 11 жараны чыгарылганын билдирди


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктардын Орусиянын Сахалин облусунан чыгарылышына байланыштуу маалымат берди. Анда айтылгандай, Кыргызстандын 11 жараны миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Түштүк-Сахалин шаардык сотунун чечиминин негизинде чыгарылган. Аларга 2000 рубль өлчөмүндө административдик айып салынып, 5 жылдык мөөнөткө Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Министрлик бул өлкөдө жүргөн жарандарды миграциялык мыйзамдарды сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө чакырды.

Мунун алдында sakh.online сайты Сахалин облусунда Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары "мыйзамсыз миграцияга" айыпталып, сот чечими менен аралдан чыгарылганын Федералдык сот аткаруучулар кызматына шилтеме кылып жазган. Мигранттарды аэропорттон чыгарып жатышканы тартылган сүрөттү да жарыялаган.

Басылманын маалыматына караганда, борбор азиялык мигранттар аралда мыйзамсыз иштеп жүрүшкөнү алардын документтерин текшерүү учурунда аныкталган.

"Мигранттардын миграциялык карталарынын жана каттоо мөөнөтү аяктаганы, ошондой эле иштөөгө уруксат кагазы же патенти жок экени аныкталды. Мыйзам бузган жарандарга Орусиянын Административдик кодексинин 18.8-беренеси ("Өлкөгө кирүү жана жүрүү эрежелерин бузганы үчүн") административдик айып пул салынып, ар бири 2000 рублден төлөөгө милдеттендирилди", - деп жазган сайт.

2024-жылдын башынан бери Сахалин облусунда мыйзамсыз жүргөн 296 чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылган. Алардын басымдуу бөлүгү Борбор Азиядан: Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары болгон.

Быйылкы жарым жыл ичинде Орусиядан 10 миңге чукул кыргызстандык мигрант сот чечими менен чыгарылганын республиканын Тышкы иштер министрлиги да маалымдаган.

Быйыл жазында "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган.

Орусия мигранттарды Украинадагы согушуна да түрдүү шылтоо менен тартууда. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG