Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээси “террордук ишке көмөктөшүүгө” шек саналып кармалды


Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээси кармалды.
Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээси кармалды.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээсин кармады. Облустук милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 12-декабрында бир адам Интернетте Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чакырган видеоматериалдарды жарыялаганы тууралуу маалымат катталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси – “Террордук ишке көмөктөшүү” менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео М.А. аттуу адамга таандык “Эл уксун” Ютуб каналына жарыяланганы аныкталган. Анда 1998-жылы туулган К.А. аттуу Кыргызстандын жараны тууралуу көрсөтүлгөн. Ал Орусиянын Украинага каршы ачкан согушуна катышып, ага башка да адамдарды жалдап жатканын билдирген.

Былтыр 10-декабрда жарыяланган видеодо К.А. Украинадагы согушта Орусия тарапта согушуп жатканын жана фронттогу окуяларын айтып берген. Анын дагы бир видеосу ушул эле Ютуб каналга 19-декабрда да чыккан.

Соттук-лингвистикалык экспертиза М.А. жана К.А. аттуу адамдардын сөздөрүндө чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн жарандарга чакырык жасаган белгилер бар деп жыйынтык чыгарган.

Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушул тапта тергөө амалдары уланууда.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам боюнча согуштук аракеттерге үгүттөгөн материалдарды коомчулукка жайылтууга тыюу салынганын эскертти.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап, Кыргызстанда туулуп өскөн 50дөн ашык адам Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп набыт болгонун аныктаган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кыргыз бийлиги согушка катышкандардын жоопкерчилиги караларын эскертип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG