Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган мунай танкери АКШнын санкциясына кабылды


Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган танкер орусиялык мунай ташыган 180ден ашуун кеме менен бирге санкциялык тизмеге кирген.
Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган танкер орусиялык мунай ташыган 180ден ашуун кеме менен бирге санкциялык тизмеге кирген.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилген орусиялык мунай танкерине АКШнын Каржы министрлиги санкция салды.

Бул АКШ 10-январда Москванын мунай кирешелерине багытталган жана Орусиянын мунай-газ тармагындагы негизги оюнчуларына таасир этүүчү жаңы чектөөлөрдү киргизгенден кийин белгилүү болду.

Нурсултан Назарбаевдин аты коюлган танкер орусиялык мунай ташыган 180ден ашуун кеме менен бирге санкциялык тизмеге кирген. Танкер “Газпром нефть” компаниясынын туунду ишканасы “Роснефтефлотко” таандык.

АКШнын Орусияга санкциялардын жаңы пакетинин киргизилиши өткөн жылдын декабрынан бери күтүлүп жаткан. Чектөөлөр Орусиянын энергетика тармагына каршы эң катаал чаралар катары сыпатталган жана орус мунай экспортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн.

Нурсултан Назарбаев атындагы мунай танкери Орусиянын “Звезда” кеме куруучу комплексинде жасалган. Анын аты 2020-жылдын 6-июлунда Казакстандын биринчи президентинин 80 жылдыгынын урматына коюлган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG