Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:04

Аба ырайы: көпчүлүк жерлерде кар жаайт


Ала-Арча паркы.
Ала-Арча паркы.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрдик аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы

3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…2° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG