Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Черногориядагы куралдуу кол салуудан ондон ашык киши каза болду


Цетине шаары, Черногория. 1-январь, 2025-жыл.
Цетине шаары, Черногория. 1-январь, 2025-жыл.

Черногориядагы Цетине шаарындагы 1-январда болгон куралдуу кол салуудан кеминде 12 киши каза тапты, анын экөө – балдар. Дагы төрт адам жараат алганын Черногориянын ички иштер министри Данило Шарановичке таянып “Азаттыктын” балкан кызматы жазды.

Кылмышка шектүү Ацо Мартинович өз жанын кыйган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Мартинович шаардын борборундагы тамактануучу жайлардын биринде төрт адамды, кийин башка жерлерде да адамдарды өлтүргөн, алардын арасында бир үй-бүлө мүчөлөрү да болгон.

Дарыгерлердин айтымында, жараат алгандардын абалы оор.

Алгач ок чыгарган киши изин жашырганы кабарланган. Цетиненин көчөлөрүндө полиция кызматкерлери кыймылды чектеп, калаадан чыккан жолдорду жабышкан. Шектүүнү издөөгө армия да тартылган.

Полиция ок чыгаруу уюшкан кылмыштуу топтордун ортосундагы тирешүүгө байланыштуу эмес экенин тактады.

Мартинович 2005-жылы бейбаштык үчүн бир жылга соттолгон, бирок коопсуздукка коркунуч келтире турган киши катары саналган эмес. 2022-жылы анын жанынан курал-жарак жана жардыргыч зат табылган. Бул үчүн ага үч айлык абак жазасы берилген.

Цетине – Черногориянын баш калаасы Подгорицадан 30 чакырымдай алыста жайгашкан шаар. Черногория өкмөтү Цетинедеги каргашага байланыштуу 2-3-4-январь күндөрү аза күтүү жарыялады.

Өлкө бийлиги бул окуядан кийин курал-жарак колдонууга толугу менен тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карамакчы.

Шерине

XS
SM
MD
LG