Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

Президент мектепте акча чогулткандарга айып салган мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мажбурлап мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 27-ноябрда кабыл алган.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мектептерде мыйзамсыз каражат чогултулуп жатканы тууралуу арыз түшсө министрлик текшерип, анын жыйынтыгы менен протокол түзүлүп айып салынарын айткан.

Былтыр 26-майда президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документте мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

Мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар Кыргызстанда утур-утур катталып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG