Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Депутат шайлоодо добушун саткандарга айып салууну сунуштады


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.

Кыргызстанда шайлоодо добушун саткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков жазып, парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документте шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар, анын ичинде добуш сатуу мамлекеттин демократиялык негиздерине коркунуч келтирип, шайлоо системасына болгон ишенимди төмөндөтөрү жана коррупциянын жайылуусуна жол ачары айтылат.

Депутат Кылмыш-жаза кодексин 196-1-берене менен толуктап, шайлоодо добушун саткандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салып же 120 саатка чейин милдеттүү коомдук жумуштарга тартууну сунуштады.

2023-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып, кайра артка чакыртып алган.

Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG