Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Азербайжандык депутат: Учакты Орусиянын абадан коргонуу системасы аткан болушу ыктымал


Хикмат Бабаоглу
Хикмат Бабаоглу

Азербайжандык мыйзам чыгаруучу шаршембидеги учак кырсыгына украиналык дрондорго каршы даярдыкка келтирилген Орусиянын абадан коргонуу системасы алып келген болушу ыктымал деп билдирди. 27-декабрда Хикмат Бабаоглу “Азаттыктын” азери кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, андай ыктымалдык “чындыкка эң жакын” экенин белгиледи.

“Бул - версиялардын бири гана, бирок абдан негиздүү. Учурдагы байкоолор жана жыйынтыктардан баамдасак, учак атып түшүрүлгөн деген ыктымалдык чындыкка эң жакын көрүнөт”, - деп айтты депутат.

Бабаоглу кошумчалагандай, ал божомолдор чын болуп чыкса, жоопкерчилик Орусия Федерациясына жүктөлөт.

Казакстандык эксперттер кырсык болгон Актауга 27-декабрда барышты.

Ал арада Azerbaijan Airlines компаниясынын Орусиянын Минеральные воды курортуна багыт алган учагы жума күнү Орусиянын аба мейкиндиги жабык деген кабар алгандан кийин Бакуга кайтууга аргасыз болду.

Кийинчерек компания Минеральные водыдан тышкары Сочи, Волгоград, Уфа, Самара, Грозный жана Махачкалага каттамдарды убактылуу токтотконун билдирди.

Баку-Грозный каттамындагы Azerbaijan Airlines компаниясына таандык Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.

Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары, арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Айрым эксперттер учактын куйрук тарабындагы тешиктерден улам алар Орусиянын абадан коргоо системасы украиналык дрон чабуулунун мизин кайтарганда пайда болушу мүмкүн деп болжолдошот.

Рейтер агенттиги иликтөөдөн кабары бар азербайжандык булактарга таянып, Embraer 190 орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганын жазды. Маалыматтарга караганда, авариялык конуу өтүнүчүнө карабай, учакка орусиялык аэропортторго конууга уруксат берилбей, Каспий аркылуу Актауга баруу көрсөтмөсү берилген.

Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijani Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.

Бийликтер тыянак жасоо үчүн иликтөөнү күтүү керектигин белгилешет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөчүлөр бир бүтүмгө келгиче спекуляция кылуу “туура эмес” деп айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG