Европа комиссиясы Балтика деңизинде интернет кабелдерин атайылап керектен чыгарган деп шектелген танкер Орусиянын “көмүскө флотунун” бир бөлүгү экенин айтып, Москвага жаңы санкция салынарын эскертти. Мунай ташыган кемени Финляндия бийлиги колго түшүргөн.
“Биз Европанын маанилүү инфраструктурасына зыян келтирүүнү катуу айыптайбыз...Орусиянын көмүскө флоту коопсуздукка жана экологияга залакасын тийгизүүдө, Орусиянын согуш бюджетин толуктап жатат”, - деп айтылат Евробиримдиктин 26-декабрдагы билдирүүсүндө.
25-декабрда Балтика деңизинде Эстония менен Финляндияны туташтырган Estlink 2 электр кабели үзүлгөн. Алдын ала версияларга караганда, кабелди орусиялык көмүскө флотко таандык Eagle S танкеринин якору үзүп салган.
Кемени кармоо учурунда якорь табылган эмес. Окуя вандализм катары иликтенүүдө. Эки өлкө ортосундагы дагы бир кабель зыян тарткан. Сөз болгон танкердин эскилиги айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны тууралуу да маселе козголду.
Финляндиянын президенти Александр Стубб танкердин Орусияга байланышы бар болушу мүмкүн деп боолгоп, кырдаалга жакындан байкоо салынып жатканын айтты.
16-декабрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга каршы санкциялардын 15-пакетин кабыл алган. Еврокеңештин билдирүүсүндө бул ирет “көмүскөдөгү флоттун” жардамы менен буга чейинки жазалоочу чараларды кыйгап өтүүгө каршы күрөшүү каралганы айтылган.
“Кара тизмеге” үчүнчү өлкөлөрдүн 52 кемеси киргизилген. Шаркеттин пикиринде, алардын Орусиянын энергетика тармагын колдоого жана орус армиясына аскердик техниканы ташууга тиешеси бар.
Ал тапта НАТОнун баш катчысы Марк Рютте альянс Таллин жана Хелсинкиге ыктымал «саботажды» иликтөөшө жардам берерин билдирди.
Шерине