Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (орусчасы ЭТТН) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек деген пикирин билдирди. Шыкмаматов бул тууралуу 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ал Кыргызстанда сатылып жаткан товардын саны 13 миндей экенин белгилеп, анын баарына ЭТТК алууга мүмкүн эмес деген жүйө келтирди:
"Ошондуктан, мен беш гана товарга: мунайзаттарга, спирт жана тамекиге, дары-дармек жана медициналык жабдууларга гана киргизилиши керек деп эсептейм. Булар бюджет түзүүчү товарлар", - деген Шыкмаматов бул жеке пикири экенин, ЭТТК саясатын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзүп жатканын белгиледи.
Комитет жыйынына катышкан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов мекеме Шыкмаматовдун сунушун колдой турганын билдирди.
Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев өткөн жумада парламентте жаңы салык саясаты соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТК), көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирген.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткен. Мындай кадам салык маселесине байланыштуу болгонун президент Садыр Жапаров билдирген.
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (ZKo/BTo)
Шерине