Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Украина: Согушта бир жылда 20 миңден ашуун орус аскери окко учканын журналисттер аныктады


Орусиянын Ульяновск шаарындагы орус аскерлеринин мүрзөсү
Орусиянын Ульяновск шаарындагы орус аскерлеринин мүрзөсү

2024-жылы Украинадагы согушта 20 364 орус аскери набыт болгонун "Медиазона" басылмасынын журналисттери, Би-би-си дүйнөлүк маалымат кызматы ыктыярчылар менен бирге аныктады.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда 2022-жылы 18 983 жоокер окко учса, 2023-жылы алардын саны 33 550 болгон. Дагы 11 860 кишинин качан өлгөнү белгисиз.

"Медиазона" ыктыярчылар улам жарыяланган көптөгөн некрологдорду тактап чыкканга жетишпей жатканын жазды. Ушул тапта 7 335и такталып жатканы, алардын 36% кайталоо болушу ыктымал экени белгиленет.

2024-жылы согушка өз ыктыяры менен баргандар көп окко учкан. 2023-жылы набыт болгондордун ичинен эң көбү түрмөдөн согушка айдалгандар болсо, 2022-жылы аба-десанттык күчтөрүнүн жоокерлери көп өлгөн. Сентябрда иликтөөчүлөр согуш башталганы быйыл ыктыярчылардын өлүм-житими башка категорияларга караганда көп болгонун билдирген.

Согушта өлгөндөрдүн географиясы боюнча Башкырстандан жана Татарстандан баргандар көп жок болду. Бул аймактардан бир жылда эле эки миңден киши окко учкан.

2022-жылы февралда согуш башталганы орус күчтөрүнүн 84 761 жоокери жок болгонун журналисттер тактап чыккан. Иликтөөчүлөр ачык булактардагы маалыматтарды: жергиликтүү бийликтердин билдирүүлөрүн, маркумдардын жакындарынын социалдык медиага жарыялаган постторун, мүрзөлөрдөгү маалыматтарды карап чыгышат. Аскер адистери "Медиазона" жана Би-би-си журналисттери тактап чыккан маалымат согушта набыт болгондордун чыныгы санынын 45%дан 65% чейинкисин гана түзөт эсептешет.

Киев менен Москва согуштагы жоготуулары тууралуу расмий маалыматты жарыялабайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG