Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Москвадагы генералдын өлүмүнөн кийин Мирзиеёв менен Путин телефондон сүйлөштү


Орус куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун киши колдуу өлүмүнөн кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. “Озодлик” радиосу өзбек президентинин администрациясына таянып жазгандай, 19-декабрдагы сүйлөшүүдө коопсуздукту күчөтүү максатында эки мамлекеттин атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланган.

Кремл эки лидердин сүйлөшүүсү Ташкенттин демилгеси менен болгонун жана “Өзбекстан мындай ыплас террордук актыны катуу айыптай турганын” билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мирзиёев Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун жана анын жардамчысы Илья Поликарповдун каза болгонуна байланыштуу Путинге көңүл айтты.

11-декабрда Мирзиёев менен Путин телефондон сүйлөшүп, Сириядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулашканы кабарланган.

Орусиялык генерал-лейтенант Игорь Кириллов 17-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон. Эртеси күнү шектүү катары Өзбекстандын 29 жаштагы жараны кармалган.

Москвадагы Басман райондук соту шектелип кармалган өзбекстандык Ахмаджон Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын "Медиазона" басылмасы жазды.

Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 18-декабрда жасаган билдирүүсүндө украин атайын кызматы 29 жаштагы шектүүгө "100 миң доллар жана европа өлкөлөрүнүн биринде туруктуу жашоону сунуш кылганы"айтылат. Бирок ага эч кандай далилдер келтирилген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG