Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Орусияда генералдын өлүмүнө шектелген өзбек жараны эки айга камалды


Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.
Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбонов Басман райондук сотунда. 19-декабрь, 2024-жыл. Москва.

Москвадагы Басман райондук соту Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Ахмаджон Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ага "адам өмүрүн алган теракт уюштурган, жардыруучу заттарды даярдаган жана сактаган" деген айып тагылууда. Сот жараяны тергөөнүн суранычы менен жабык өттү.

Сот материалдарынан белгилүү болгондой, Курбонов 1995-жылы туулган. Үйлөнгөн, эки кичинекей баласы бар.

Орусиянын Тергөө комитети жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 18-декабрда жасаган билдирүүсүндө украин атайын кызматы 29 жаштагы шектүүгө 100 миң доллар жана европа өлкөлөрүнүн биринде туруктуу жашоону сунуш кылганы айтылат. Бирок ага эч кандай далилдер келтирилген эмес.

Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов 17-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон. Эртеси күнү шектүү катары Өзбекстандын жараны кармалган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө расмий түрдө алган жок.

Генералды жок кылуу операциясын Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын ал мекемедеги булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна, AFP, Би-Би-Си жана бир катар маалымдоо каражаттарына айтып беришкен.

Бул окуяга Киев комментарий берген жок жана маалыматты көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эмес.

16-декабрда украин Коопсуздук кызматы Кирилловго химиялык курал колдонуудагы ролу үчүн сыртынан айып тагылганын билдирген. Андай куралга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат жана келишимди бузуу согуш кылмышы болуп эсептелет.

Шерине

XS
SM
MD
LG