Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

Орус армиясы Украинанын аймагына жапырт ракеталык сокку урду


Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык чабуулунун кесепети. 20-декабрь, 2024-жыл.
Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык чабуулунун кесепети. 20-декабрь, 2024-жыл.

Орусиянын армиясы 20-декабрдын таңында Украинанын баш калаасына жана өлкө түштүгүндөгү Херсон облусуна жасаган жапырт ракеталык аба чабуулунан кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдиргендей, орус армиясы бир гана баш калаага сегиз ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан "Кинжал" жана "Искендер/КН-23" баллистикалык ракеталары менен сокку урган.

Попко кошумчалагандай, чабуулда газ түтүгү жабыркады. Мындан улам 630дай турак-жай, 16 медициналык мекеме, ондогон мектеп жана бала бакча жылуулуксуз калды.

Ал эми Киевдин мэри Виталий Кличко калаанын төрт районунан орус армиясынын кулатылган дрондорунун сыныктары табылганын билдирди.

Аба чабуулдар башталганы бир нече саат Украинанын бардык аймактарында абадан сирена жаңырып турду.

Херсондо чабуулдан 60 жаштагы бир аялдын өмүрү кыйылып, эки адам жараат алганын аймак губернатору Роман Мрочко Телеграм аркылуу билдирди.

19-декабрдын кечинде орус күчтөрүнүн аба чабуулунан президент Зеленскийдин кичи мекени Кривой Рог шаарында эки кабат үй жабыркап, беш киши жараат алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймактарына жасалган 20-декабрдагы чабуулду "Батыштын куралы менен украин армиясынын орусиялык объектилерге жасаган соккуларына жооп" катары түшүндүрдү.

Киев Орусиянын аймагына жасалган чабуулдарды адатта комментарийлебейт.

Орусия Украинага согуш ачканына үч жылга жакындап калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG